Кыргызстандын Эгемендик күнүнө карата бүгүн Чолпон-Ата шаарында өткөн көк бөрү боюнча өлкө президентинин кубогун Оштун «Достук» командасы алды.
«Достук» оюнчулары финалда Таластын «Ынтымак» командасы менен беттешип, 3:2 эсеби менен жеңип алды.
Ал эми үчүнчү орунга Таластын “Кара-Буура” командасы Чүйдүн “Сары-Өзөн командасы ойноп, 8:1 эсебинде чүйлүктөр жеңишке ээ болушту.
Ал эми биринчи лигада ойногон командалардан Талас облусунун «Бакубат» командасы Чүйдүн «Ак-Суу» командасын 9:0 эсебинде утуп, жеңүүчү болду.
Үчүнчү орунга болсо «Алкан-Ата» командасы ээ болду.
Сүрөт архив 2017-ж.