Кыргызстан Сауд Арабиясынан жарандарды кайтаруу үчүн Жидда – Ош каттамын жандантатПрезидент Кыргызстандын Катардагы элчисин дайындадыЖогорку Кеңеште антикинолорду жабуу сунушталдыКыргызстандыктар БАЭден Оман аркылуу эвакуацияланат — Садыр ЖапаровБишкекте Ирандын элчилигинин алдында тилектештик акциясы өтүүдөБишкекте мурдагы «Чатыр-Көл» кинотеатрынын ордуна маданий борбордун курулушу башталды
К2 чокусун кычкылтексиз багындырган Эдуард Кубатов жеңишин Эгемендүүлүк күнүнө арнады
14.08.2025 | 15:28

Кыргызстандын альпинизм федерациясынын президенти Эдуард Кубатов дүйнөдөгү экинчи бийик чоку — Пакистандагы К2 (8611 м) чокусуна кычкылтексиз чыгып, тарыхый жетишкендикке жетти.
Спортчунун айтымында, ал 11-август күнү саат 17:00дө чокуга жетип, 13-август эртең менен базалык лагерге аман-эсен кайтып келген. Чокуга чыгуу учуру катуу кыйынчылыктар менен коштолуп, айрым катышуучулар түшүүдө оор жаракат алган. Тилекке каршы, бир альпинист каза болгон.
“Жеңишти Эгемендүүлүгүбүзгө арнайм жана биздин улуу элибиздин бир бөлүгү болгонума сыймыктанам! Азыр биз Скарду шаарын көздөй баратабыз. Бир аз ден соолугум начар, бирок мен мекениме кайтып жатам”, — деп жазган Кубатов социалдык тармактагы баракчасында.
Рубрики: Жаңылыктар