Site icon Reporter.kg

Кайгуул милициясы жөө адамды сүзүп, качып кеткен айдоочуну кармады

Кайгуул милициянын кызматкерлери  жөө жүргүнчүнү сүзүп, качып  кеткен айдоочуну кармашты.

Мекеменин маалыматына ылайык, шектүү 13-январда Чон-Арык айылынын Семетей көчөсүнөн бурулган жерден жөө жүргүнчүнү  сүзүп, окуя болгон жерден из жашырган.

Окуядан 1956-жылы төрөлгөн  Ж.К аттуу жаран жабыркап,  №4 шаардык ооруканага кайрылган.

Бул окуяга шектүү катары  Mercedes-Benz 209 үлгүсүндөгү автоунаанын  айдоочусу 1970-жылы төрөлгөн Д.М.аттуу жаран кармаган.

Азыркы тапта чогултулган материалдар тергөө кызматына берилип, териштирүү иштер жүрүүдө.

Exit mobile version