Кайгуул милициянын кызматкерлери жөө жүргүнчүнү сүзүп, качып кеткен айдоочуну кармашты.
Мекеменин маалыматына ылайык, шектүү 13-январда Чон-Арык айылынын Семетей көчөсүнөн бурулган жерден жөө жүргүнчүнү сүзүп, окуя болгон жерден из жашырган.
Окуядан 1956-жылы төрөлгөн Ж.К аттуу жаран жабыркап, №4 шаардык ооруканага кайрылган.
Бул окуяга шектүү катары Mercedes-Benz 209 үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу 1970-жылы төрөлгөн Д.М.аттуу жаран кармаган.
Азыркы тапта чогултулган материалдар тергөө кызматына берилип, териштирүү иштер жүрүүдө.