Кайра шайлоо: БШК 16-февралга чейин шайлоочуларды тизмеден өзүн тактоону эскертет

Кайра шайлоо: БШК 16-февралга чейин шайлоочуларды тизмеден өзүн тактоону эскертет

Бишкектин Биринчи май жана Свердлов округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого шайлоочулар өздөрүн тизмеден 16-февралга чейин тактап коюусу керек. Бул тууралуу Боршайкомдон маалымдашты.

Тизмеден шайлоочулар өзүн тактоо үчүн:

— 1255 же 119 номуру аркылуу;

— «https://tizme.gov.kg» сайтында;

—  шайлоо участкасында;

— 119 номерине ПИН-кодуңузду – паспортуңуздагы жеке идентификациялык номериңизди көрсөтүү менен SMS жөнөтүү менен сиз шайлоо участогуңуздун номерин жана дарегин аласыз (SMS билдирүүлөрдү жана чалууларды жөнөтүү акысыз).

«Эгерде шайлоочулардын тизмесинде кандайдыр бир катаны же так эместикти, ошондой эле шайлоочулардын тизмесинде жок болсо, 2022-жылдын 16-февралына чейин (кошкондо) тизмедеги маалыматтарды тактоо үчүн арыз менен тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына кайрылууга укуктуу. Ага Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортунун көчүрмөсүн тиркөө менен шайлоочу биометрикалык идентификациядан өтөт», — деп жазылат БШКНын маалыматында

Ошондой эле арыз электрондук форматта, мыйзамда белгиленген тартипте авторизациялоо менен «https://tizme.gov.kg» сайтындагы «Шайлоочулардын кабинети» кызматы аркылуу берилиши мүмкүн.

Биометрикалык каттоодон өтө элек жарандар бул процедурадан өтүп, паспорттук маалыматтарын Калкты тейлөө борборлорунан (ККБ) жаңыртса болот.

Белгилей кетсек, шайлоо 27-февралда өтөт.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>