Кайра шайлоо: Жогорку Кеңешке Сурабалдиева менен Муртазалиев өттү

Кайра шайлоо: Жогорку Кеңешке Сурабалдиева менен Муртазалиев өттү

Кечээ, 27-февралда Бишкектин Биринчи Май жана Свердлов бир мандаттуу округдарында кайталап шайлоо болуп өттү.

Биринчи май району боюнча автоматташтырылган башкаруу системасынын жыйынтыгында эң көп добушту Эльвира Сурабалдиева алды. Ага шайлоочулардын 45,56%ы же 8121 адам добуш берген.

Биринчи Май шайлоо округу боюнча шайлоочулардын 15,76% катышты.

Свердлов районунда эң көп добушту Абдурахманджи Муртазалиев алды. Ага шайлоочулардын 17,13% же 5 миң 20 адам добуш берген.

Свердлов районунда шайлоочулардын 27,50%ы катышты.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>