Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун кызматкерлери СИЗО-1ге барып, ден соолугу начарлап кеткен блогер Ырыс Жекшеналиев менен жолугушту.
Аталган ведомстводон билдиришкендей, Жекшеналиевдин айтымында, 2 күн мурун кезектеги сурак учурунда анын кан басымы көтөрүлүп кеткен.
Ушул себептен улам сурак токтотулуп, ал медициналык кароого алынып, анын жүрүшүндө магниттик-резонанстык томографиядан (МРТ) да өткөн. Анткени мурда, камакка алынганга чейин анын баш мээси жаракат алган жана дарылоону талап кылган омуртка жана жүрөк-кан тамыр оорулары болгон.
Жекшеналиевден СИЗОнун жана Ички иштер министрлигинин кызматкерлери тарабынан кыйноолор жана ырайымсыз мамиле жасалгандыгы тууралуу арыз түшкөн эмес.
Эскерте кетсек, 14-августта президент Садыр Жапаров Жетим-Тоо кени боюнча билдирүү жасаган. Анда президент айрым адамдар Жетим-Тоо боюнча туура эмес маалымат таратып жатканын айтып, укук коргоо органдарына аларды тартипке чакырууну тапшырган. Ага чейин фейсбуктагы «Полит Узник» баракчасында УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоо боюнча архивдик билдирүүсү жарыяланган.
Аталган видеого байланыштуу «Полит Узник» баракчасынын администратору Ырыс Жекшеналиевге кылмыш иши козголуп, 16-августта камакка алынган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз