Site icon Reporter.kg

Шаменов президентке кайрылып, кошоматчылардан арылууну өтүндү

«Массалык баш аламандыктарды уюштурууга даярданууга» шектелип кармалган Илгиз Шаменов президент Садыр Жапаровго кайрылуу жасап, жанындагы «кошоматчылардан» тазаланууну суранды. Анын кайрылуусу 2-январда «Фейсбуктагы» баракчасында жарыяланды.

Ал кайрылуусунда, мурдагы президенттердин жанындагы кошоматчылар, учурда, Садыр Жапаровдун жанында жүргөнүн, айрымдары Жогорку Кеңеште депутат, башкалары өкмөттө жогорку кызматтарды ээлеп турганын жазган. Шаменов «кошоматчылар» деген адамдардын атын атаган эмес.

«Беш президентти алмаштырып, үч жолу революцияны өткөрүп, дагы деле тарыхтан сабак албаганыбыз өкүндүрөт», — дейт Шаменов.

Ал мурдагы президенттерди адаштырган «кошоматчылар» Жапаровду да алдап кетиши мүмкүн экенин билдирген.

«Алыска барбай эле коёюн, 2020- жылы шайлоодо «Биримдик» партиясы, Сооронбай Жээнбеков деп чуркап жүргөндөр бүгүн каякта? Президенттердин баары эле жакшы иштеп жатабыз деп ойлогон.

Себеби кошоматчылар дал ушундай отчёт берип, туура эмес маалыматтарды беришкен. Саясатта дос деген болбош керек, чоң кызматтардан досторуңузду, кошоматчыларды тазалооңузду өтүнөм, ойлонуңуз», — дейт ал.

Эскерте кетсек, 22-октябрда Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитети түзүлгөн. Анын курамына активисттер, саясатчылар жана депутаттар кирген. 23-октябрда массалык тинтүү иштери башталып, 20дан ашык адам кармалып, алар 48 саатка камалган.

24-октябрда Бишкек шаарында Кемпир-Абад суу сактагычынын астындагы жердин Өзбекстанга берилишине жана активист, саясатчылардын камалышына каршы жөө жүрүш өткөн. 25-октябрда Биринчи май райондук соту тарабынан алар эки айга камакка алынып, кийинчерээк 20-февралга чейин камакта калтырылган.

Активист жана саясатчылардын камалышы боюнча ИИМ түшүндүрмө берип, Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси «Массалык баш аламандыктарды уюштурууга даярдануу» менен козголгон кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп жатканын билдирген.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Exit mobile version