Камчыбек Ташиев ИИМде беш саат сурак берип чыкты

19.03.2026 | 16:10

Бүгүн, 19-мартта, УКМКнын мурдагы жетекчиси Камчыбек Ташиев ИИМдин Тергөө кызматына 5 саат сурак берип чыкты. ЖМКлардын маалыматында, Ташиев эки кылмыш ишинин алкагында күбө катары чакырылган. Алардын бири «Кыргызнефтегаз» ишканасында козголгон коррупция ишине байланыштуу.

Маалыматтарда айтылгандай, Ташиев бүгүн эртең менен Кыргызстанга келип, дароо эле УКМКнын мурдагы имаратында жайгашкан ИИМдин Тергөө кызматына барышкан. Сурак саат 10:00 чамасында башталган. Айрым ЖМКлар өз булактарына таянып, Ташиев тергөөдө маалыматты ачыкка чыгарбоо боюнча тил катка кол койгонун жазышууда. Ушул себептен ал сурак боюнча эч кандай комментарий берген жок.

Белгилей кетсек, буга чейин Ички иштер министрлиги «Кыргызнефтегаз» ААКынын кызмат адамдарына карата «Коррупция» беренеси боюнча кылмыш иши козголгонун билдирген. Анын алкагында төрт киши кармалган.

ИИМдин маалыматында, кылмыш ишинин козголушуна Мамлекеттик салык кызматы тарабынан даярдалган «Өз адамдар үчүн мунай: Кыргызнефтегазды кантип курутушту» аттуу иликтөөдөгү маалыматтар негиз болгон.

Эске салсак, 10-февралда президент Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы кызматтарынан бошоткон. Анын эртеси Ташиев билдирүү жасап, иштен алынып жатканда Германияда дарыланып жүргөнүн, бул жаңылык ал үчүн “күтүүсүз” болгонун айткан. Ал бул окуядан кийин Кыргызстанга келип, Садыр Жапаров менен жолуккан. Андан кийин 17-февралда кайрадан чет өлкөгө чыгып кеткен.

Scroll to Top