Өлкө башчы Садыр Жапаров Нарын шаарына президенттин фондунан 807 млн сом бөлүп берди. Бул тууралуу бүгүн, 25-июнда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Нарын шаарында жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жолугушуу учурунда айтты.
Камчыбек Ташиев быйыл Нарын облусуна жалпы 9,4 млрд сом бөлүнгөнүн билдирди.
«Президентибиз атайын президенттик фонддон Нарын шаарын карагыла деп 807 млн сом бөлүп берди. Бир да тарыхта мындай болгон эмес»,- деген УКМК төрагасы.
Белгилей кетсек, учурда соцтармактарда Нарын облусу каралбай, көйгөйлөр чечилбей жатат деген бийлик жетекчилерине ыр түрүндө кайрылуулар тарап, коомдо талкуу жаратууда.