Канатбек Исаевге ишеним көрсөтпөө боюнча кол топтоо жүрүп жатат

Канатбек Исаевге ишеним көрсөтпөө боюнча кол топтоо жүрүп жатат

Эки апта мурун Жогорку Кеӊештин төрагасы болуп шайланган Канатбек Исаевге ишеним көрсөтпөө боюнча кол топтоо жүрүп жатат. Бул тууралуу Сайдулла Нышанов журналисттердин суроосуна жооп берип жатып айтты.

“Мага келип кол коюп бер дешти эле, макул болгон жокмун. Тизмени толук көрбөдүм, бирок 80ден ашык кол топтолуп калыптыр”, – деди Нышанов.

Эл өкүлү Жогорку Кеңештин төрагасы Канатбек Исаевге ишеним көрсөтпөө себебин, анын президенттин милдетин аткаруудан баш тартып койгону менен түшүндүрдү.

Сайдулла Нышанов Канатбек Исаев төрагалыктан кетсе анын ордуна Талант Мамытов келиши мүмкүн экенин божомолдоду.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>