9-10-сентябрь күндөрү калың жааганын кардан улам Жалал-Абад, Чүй, Талас жана Нарын облустарынын тоолук аймактарындагы жайлоолордо калган чабандар мал жандыктары менен түшүрүлдү.
Чабандарды жайлоодон алып түшүү үчүн ӨКМдин куткаруучулары, милиция жана “Тез жаржам” кызматынан түзүлгөн куткаруу тобу тартылган.
Жалал-Абад облусу боюнча:
Токтогул, Аксы жана Тогуз-Торо райондорунун жайлоолорундагы чабандардын 10 миң 700 жүз баш койу, 460 уйу жана 40 жылкысы түшүрүлгөн. Облус боюнча 8 жылкы 78 кой өлгөн.
Чүй облусу боюнча:
Жайыл районунун Суусамыр өрөөнүндөгү Сандык, Сулуу-Төр, Тегерек-Кайың, Арамза жайлоолорунан 8 чабандын 3800 баш койу жана 150 жылкысы менен түшүрүлгөн. Облус боюнча 200 баш кой жана 4 жылкы өлгөн.
Нарын облусу боюнча:
Жумгал районундагы Ой-Гайын жайлоосунда 10 чабан мал-жандыктары менен калып калышкан. Куткаруучулардын жардамы менен 4 чабан 2100 койу, 13 уй жана 60 жылкылары менен түшүрүлгөн. Облус боюнча 3 жылкы 1 баш уй өлгөн.
Талас облусу боюнча:
Талас районундагы Үч-Төр жана Музтөр жайлоосунда малчылар мал-жандыктары менен калып калышкан. 10 адамдан турган куткаруучулар чабандарды мал жандыктары менен аман-эсен түшүрүшкөн. Облус боюнча бир аял, 5 жаш бала жана болжол менен 1200 кой 270 уй, 30 жылкы айылга түшүрүлгөн.