Кара-Балта мэриясынын үч кызматкери 26 млн сомдук зыян келтирди деп кармалды

Кара-Балта мэриясынын үч кызматкери 26 млн сомдук зыян келтирди деп кармалды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен кабарлашкандай, Кара-Балта шаардык мэриясынын үч кызматкери мамлекетке 26 млн сомдон ашуун зыян келтирди деген шек менен кармалды.

Маалыматка ылайык, алар Кара-Балта шаарын өнүктүрүү үчүн бөлүнгөн 1 млрд сомдук бюджеттик каражатты пайдаланууда олуттуу мыйзам бузууга барган.

Тергөөнүн жүрүшүндө белгилүү болгондой, мэриянын капиталдык курулуш башкармалыгынын мурдагы жетекчиси «О К» жана «Р С» ЖЧКларын тендерден утушка жеткирүүгө көмөктөшкөн. Бул компаниялар келишимге кол коюлгандан кийин бөлүнгөн каражаттын 7–15%ын кайра кайтарып берүүгө мажбур болгон. Аны башкармалыктын башка бир кызматкери алып турганы айтылууда.

Ошондой эле аталган башкармалыктын эсепчиси да «откат» алып, каражатты мыйзамсыз чыгарып кетүүгө шарт түзүп берген.

УКМКнын маалыматына ылайык, бул схема Кара-Балтанын мэри Д.М.Рнын көрсөтмөсү менен ишке ашып, бөлүнгөн акча өз ара бөлүштүрүлүп келген.

Учурда шектүүлөр кармалып, тиешелүү тергөө иштери уланууда.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР
Тэги: УКМК

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>