Кара-Балтада эркек киши чоочун адамга 32 букасын берип, акчасын ала албай калган

03.11.2025 | 14:36

Чүй облусунун Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, укук коргоо органдары алдамчылыкка шектелген адамды кармашты.

31-октябрда Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнө Кара-Балта шаарынын тургуну арыз менен кайрылган. Анын айтымында, 2025-жылдын 27-февралында белгисиз адам өзүн «А» деп тааныштырып, ишенимине кирип, ар бирин 78 миң сомдон баалап, 32 бука алып кеткен. Ал акчаны бир жуманын ичинде берем деп убада кылган, бирок малды сатып жиберип, качып кеткен. Жалпы зыяндын суммасы 2 миллион 496 миң сомду түзгөн.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Алдамчылык» беренеси менен кылмыш иши козголгон. Укук коргоочулар шектүүнүн өздүгүн аныктап, аны кармашкан. Ал 27 жаштагы Ж.А. экени белгилүү болду. Шектүү убактылуу кармоо жайына киргизилди. Тергөөнүн жүрүшү уланууда.

Scroll to Top