Кара-Балтада сулуулук салондун атын жамынган кумар оюн клубу табылды — видео

Кара-Балтада сулуулук салондун атын жамынган кумар оюн клубу табылды — видео

Жайыл жана Панфилов райондорундагы Каржы полициясы тиешелүү иш-чараларды жүргүзүү учурунда жер астындагы кумар оюндарын уюштурууну аныктап, бөгөт койгон. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Кара-Балта шаарында ыкчам издөө иштеринин жүрүшүндө Карлав-Маркс жана Бейшеналиев көчөлөрүнүн кесилишинен «Лаванда» сулуулук салонун жамынып алып, онлайн кумар оюндары ойногон жер астындагы кумар клубу табылды.

Тинтүү учурунда атайын программалык камсыздоо менен компьютердик жабдыктар орнотулган, ал жерде кардарлар (оюнчулар) болгон.

Бул факт боюнча сотко чейинки өндүрүш катталды.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>