Кара-Суу районунда адам өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 11-март күнү саат 17:28де райондук милицияга Кара-Суу шаарында орун алган «Оомат» базарында белгисиз жаран денесинен миздүү нерседен жаракат алып, ооруканада өзүнө келбей каза болгондугу тууралуу кабар келип түшкөн.
11-март күнү саат 17:00 чамаларында «Оомат» базарында жабырлануучуну миздүү нерсе менен моюнунун сол тарабына сайып, кылмыш болгон жерден изин жашырып качып кеткен. Натыйжада ал денесинен алган жаракатынан улам Кара-Суу райондук аймактык ооруканасынын кабыл алуу бөлүмүнө жеткирилип, бирок өзүнө келбей каза болгон.
Ал эми окуя болгон жерден табылган далил буюмдарга тиешелүү экспертизалар дайындалган. Ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө кылмыштын изи сууй электе аталган кылмышка шектелип 47 жаштагы кошуна мамлекеттин жараны кармалган.
“Шектүү аталган базарда 7 жылдан бери маркум менен чогуу жүк жүктөп араба түртүп иштеп жүргөн. Маркум да кошуна мамлекеттен көчүп келип 5 жыл мурда Кыргызстандын жарандыгын кабыл алган. Кылмышка шектүү учурда убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Эки күн ичинде баш коргоо чарасы каралмакчы”, — деп кабарлашты.