Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары Кара-Суу районунун Таш-Адыр айлындагы Отуз-Адыр каналына чөгүп кеткен 52 жаштагы кишинин сөөгүн суудан чыгарып, туугандарына өткөрүп беришти.
Маркум 4-август күнү чөгүп кеткен. Ошол эле күнү 27 куткаруучу издөө иштерине тартылып, саат 19:16да маркумдун жансыз денесин суудан табышкан.