Кара-Суу районунун Якубов көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн чыккан өрт коңшу көчөдөгү үйлөрдүн чатырына өтүп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрилги билдирди.
Тилсиз жоо менен күрөшүү үчүн 4 өрт өчүрүү бөлүмү, 1 тез жардам унаасы жана милиция кызматкерлери тартылган.
Тартылган күчтөрдүн жардамы менен өрт саат 13:27де чектөөгө алынган. Өрт саат 15:14тө толук өчүрүлгөн
Жалпысынан өрт чалган жайдын жалпы аянты 268 чарчы метрди түзгөн. Өрттүн кесепетинен каза болгондор жана жабыркагандар жок.