Кара-Сууда жерди мыйзамсыз менчиктештирүү жана сатуу фактысы аныкталып, 6 мамлекеттик кызматкер кармалды

УКМК Ош облусунун Кара-Суу районунда жер тилкелерин мыйзамсыз жеке менчикке өткөрүп берүү жана сатуу схемасы аныкталганын билдирди. Аталган кылмышка шектелип, Жер ресурстары мамлекеттик агенттигинин Кара-Суу филиалынын жана Манас (мурдагы Нариман) айыл өкмөтүнүн кызмат адамдары кармалды.
Атайын кызматтын маалыматында, 2011-жылы Ош шаарынын жанында жайгашкан 0,77 гектар айыл чарба жер тилкеси мамлекеттик менчиктен жеке менчикке мыйзамсыз өткөрүлгөнү такталган. 2024-жылы Манас айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан аталган жер тилкеси «айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «калктуу конуштардын жерлери» категориясына өзгөртүлгөн. Натыйжада жердин базар баасы жогорулап, ал көп кабаттуу турак жай куруу үчүн үчүнчү жактарга сатылган.
Бул факты боюнча Жер ресурстары мамлекеттик агенттигинин 4 кызматкери (Ш.З., А.Ж., Ч.Д., М.Э.) жана Манас айыл өкмөтүнүн 2 кызматкери (Р.А. жана Х.Н.) коррупцияга шектелип жатат. Учурда тергөө иштери улантылууда.