Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккен Айзат Үсөнбаеванын иши сотто каралууда. Бул тууралуу укук коргоочу Камиль Рузиев Reporter.kg’ге билдирди.
Анын айтымында, биринчи соттук отурум июль айынын аягында болгон. Кийинки отурум 8-августта өтөт.
“Биз аны кылмыш жоопкерчилигине тартылышына жетиштик. Кылмыш иши үй-бүлөлүк зомбулук эмес, уруп-сабап кыйноо фактысы боюнча ачылган. Тилекке каршы милиция үй-бүлөлүк зомбулук боюнча иш ачуудан баш тартты. Азыр иш сотко өткөрүлүп, ал жакта каралууда”, — деди ал.
Айзат Үсөнбаева күйөөсү тарабынан сабалып, милицияга арыз менен жазгандан кийин күйөөсүнүн туугандары аялга кысым көрсөткөндүктөн, бул факт боюнча да алар милицияга кайрылган.
“Милиция аларды административдик жоопкерчиликке тартыларын билдиришти. Эжеси ооруканага келип, мэриянын кызматкеримин деп тосмо арыз жазууну сунуштаган. Андан кийин эркек тууганы чалып, тосмо арыз жазуусу үчүн картошка тигилген 50 сотых жер берүүнү сунуш кылган. Күйөөсү тарабынан да коркутуулар болгон. Ал Караколдогу №3 тергөө абагынан чалып коркуткан. Учурда анын тергөө абагында отуруп, кантип чалганы текшерилүүдө”, — деди ал.
Буга чейин маалымдалгандай, 14-майда күйөөсүнөн жабыркаган 38 жаштагы келин оор абалда ооруканага жаткырылган.
Териштирүү иштеринде аялды 29 жаштагы күйөөсү кызганычтан улам сабаганы маалым болгон. Жабырлануучуга коргоо ордери берилип, күйөөсүнө карата 138-берене (Уруп-сабап кыйноо) боюнча кылмыш-иши козголгон. Ал Каракол шаарынын СИЗОсуна киргизилген.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда