Каракол шаарында кафе, ресторандардын саат 23:00гө чейин иштөөсүнө уруксат берилди. Бул тууралуу аталган шаардын мэриясынан билдирди.
Мындай чечим шаардык штаб тарабынан кабыл алынган.
“Бул чечим, майрамдык иш- чараларды (туулган күн, мааракелер) өткөрбөө сунушунан сырткары көпчүлүк тарабынан колдоого алынды. Каракол шаарынын мэриясы маска режимин саткоого чакырат, адамдардын өзүнүн жана башка адамдардын ден соолугун тобокелчиликке салбоо үчүн”, — деп айтылат маалыматта.