Бүгүн, 23-майда Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында УКМКнын жана башка күч түзүмдөрүнүн кызматкерлеринин балдары үчүн “Асыл мурас” балдар бакчасы пайдаланууга берилди. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.
Аталган бала бакчанын курулуш иштери 2024-жылдын 1-июнунда башталган. Имараттын жалпы аянты 1500 чарчы метрди түзөт. 3 жаштан 6 жаш курактагы 100 балага ылайыкталган. Бала бакча үч кабаттан туруп, ичинде бардык заманбап шарттар камсыздалган.
Бала бакчанын ачылыш аземине УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Жетигенов, УКМК ардагерлери жана өздүк курамы, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, ошондой эле бала бакчанын тарбиялануучуларынын ата-энелери катышкан.
Салтанаттуу иш-чарада Камчыбек Ташиев жаңы бала бакчанын ачылыш аземи менен куттуктап, келечектин тиреги болгон жаш муунга мамлекет камкордук көрсөтүү менен, тийиштүү шарттарды түзүүгө милдеттүү экендигин белгилеген.
«Мындай аракеттер кызматкерлердин үй-бүлөсүнө кам көрүү менен, алардын ишмердүүлүгүн жакшыртууга өбөлгө болору белгиленди»,- деп айтылат маалыматта.