Караколдо «Суу канал» ишканасынын жетекчиси кармалды

10.10.2025 | 14:00

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Каракол шаардык «Суу канал» муниципалдык ишканасынын жетекчисин жана подрядчы компаниянын өкүлүн кармады. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, тергөө учурунда кызмат адамдары 2023-жылы шаарды ичүүчү суу менен үзгүлтүксүз камсыздоо максатында жүргүзүлгөн тендердин алкагында мыйзам бузган деп шектелүүдө. Жалпы долбоордун баасы 38,9 миллион сомду түзгөн.

Бирок подрядчы компания сапатсыз материалдарды колдонуп, долбоордон четтеген. Натыйжада скважиналар талап кылынган көлөмдө таза суу бере албай калган. Ошого карабастан ишкананын жетекчилиги аткарылган иштердин ашыкча көрсөтүлгөн актыларына кол коюп, мамлекетке 6 миллиондон ашуун сом зыян келтирген деп айтылат билдирүүдө.

Иликтөөнүн жыйынтыгында «Суу канал» ишканасынын жетекчиси О.Ж.К. жана «В» ЖЧКсынын кызматкери Д.Р.К. кармалып, Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Scroll to Top