Каралап жатат. Энергетика министри Бекмурзаев элге кайрылды

Каралап жатат. Энергетика министри Бекмурзаев элге кайрылды

Энергетика министри Доскул Бекмурзаев Фейсбуктагы өзүнүн баракчасы аркылуу өзүнө тагылып жаткан айыптоолор боюнча элге кайрылды.

Ал төмөндөгүчө кайрылган:

“Урматтуу мекендештер, мага карата Башкы Прокуратура козгогон эки кылмыш иши жөнүндө кабардар болсоңуздар керек. Кылмыш иштеринин экөө тең кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланды деген негизде экен. Бирок, мунун баарын мен, менин атымды каралоо үчүн жасалган кыңыр иш деп эсептейм!

Кымбаттуу кыргызстандыктар! Сиздерге кайрылып жатканымдын себеби, сиздер мени колдоп келгенсиздер, азыр деле таянычым болуп кала бересиздер!

Министрликти башкаруу оңой иш эмес. Президентибиз, урматтуу Садыр Нургожоевичтин мага берген тапшырмасы — көптөгөн жылдар бою өлкөнүн сапатсыз башкарылып сазга баткан экономикалык секторуна олуттуу реформа жүргүзүү болгон. Аталган тармактын иши көптөгөн жылдар бою туура эмес жүргүзүлгөн. Мындай шарттарда жемкорлук иштери гүлдөп, анын кесепетинен кыргыз эли жапа чегип келген.

Өтө жоопкерчиликтүү бул кызматка келүү менен мен жаңы жаркын келечекке жол баштап, энергетика тармагын модернизациялоого бар күчүмдү жумшагам. Аталган секторду ирээтке келтирүүгө болгон аракетим жана андагы чоң өзгөрүүлөр көмүскөдө калып калбайт деп ишенем. Мунун баары айрым бирөөлөргө жакпагандыктан, кээде кайсы бир таасирдүү адамга бут тосуулар болуп, кээде мунун айынан бир нече адамдын же бир топтун кызыкчылыгы тебеленет тура. Мен бул жолдун татаал болорун билгем жана ою жаман адамдарды басып өтөм деп ишенем! Бул тоскоолдуктар мени токтото албайт! Анткени, менин улуу максатым — өлкө менен кыргыз элинин бакубат жашоосу.

Акырында айтаарым, биз жапа тырмак көп ийгиликтерге жеттик. Ал эми алдыда болсо андан да көп милдеттер турат. Мен муну менен жеңилип отуруп калбастан, Кыргызстаным үчүн ишимди уланта берем!”- деп жыйынтыктаган министр.

Башкы прокуратура энергетика министрине кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары боюнча эки кылмыш ишин козгогон. Тиешелүү тармактын адиси болбогон кызматкерлерди бюджеттин эсебинен чет өлкөгө командировкага жөнөтүү боюнча бир, экинчи иши болсо  «Теплые ключи» ден соолукту чыңдоо комплексин оңдоп-түзөөгө байланыштуу козголгон.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>