Каражатым жок… Ысык-Көлгө… Бишкектин тургундары жайында кайда эс алышат? — сурамжылоо (видео)

Каражатым жок… Ысык-Көлгө… Бишкектин тургундары жайында кайда эс алышат? — сурамжылоо (видео)

Азыр Кыргызстанда туризм сезону кайнап турган учур болушу керек эле. Тилекке каршы, дүйнөнү каптап жаткан коронавирус илдети бардыгына бут тосту. Чет жакка эс алууну каалагандар бара албайт, анткени чек аралар жабык. Кыргыз өлкөсү да башка мамлекеттердин жарандарына эшигин жапкан.

Мындай учурда REPORTER.KG Бишкек шаарынын тургундарына жай айынын экинчи айы башталып калганын айтып, Кыргызстандын кайсы аймагына барып эс алууну пландап жатасыздар? деген сурамжылоо жүргүздү.

Туризм тармагы аксап каларын айткан Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, «Ардактуу турист» сынагын жарыялаган. Сынактын максаты өлкөдө ички туризмди өнүктүрүү.

Эреже боюнча 10 жерге баруу керек: «Бурана» комплекси, «Өзгөн» мунарасы, «Таш-Рабат» тарыхый комплекси, «Сары-Челек» коругу, «Манас» күмбөзү, Сан-Таш, «Сказка» каньону, «Арстанбап» жаңгак токою, Сулайман-Тоо, «Шах-Фазиль» комплекси.

Бул комплексти кыдырып келгендер «Ардактуу турист» наамына ээ болот.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>