Улуттук банктын чечимине ылайык, кардарлар насыялардын пайыздарын убагында төлөй албай калышса, ага айып пул же туум кошулбайт. Бул тууралуу бүгүн, 16-апрелде аталган банктын Ош облусундагы башкармалыгынын жетекчиси Жумаш Сыдыков билдирди.
Ошондой эле насыя алгандарга 3 айга чейин кредиттик каникул берилип жатат. Анда зайымчылар алган насыясын узартып төлөө мүмкүнчүлүгүн алат. Бул маселе ар бир насыячы менен мамлекеттик жана коммерциялык банктар жеке иш алып барышат.