Бүгүн, 30-ноябрь саат 18: 00дөн баштап «Каркыра- автожол» өткөрүү пункту убактылуу жабылат. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашты.
Мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак тилкесинде аталган өткөрүү пункту аркылуу адамдар менен транспорт каражаттарынын жүрүүсү 2021-жылдын 1-мартына чейин убактылуу токтотулат.
Мындай чечим аба ырайынын жана жол шарттарынын кескин начарлашына, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу максатында кабыл алынды.
«Каркыра – автожол» посту Ысык-Көл облусунун Түп районунда жайгашкан, көп тараптуу, автоунаа өткөрүү пункту.