Каржы министрлигинин эмгек жамааты министр Бактыгүл Жээнбаеваны кызматтан кетишин талап кылып жатышат.
Министрликтен билдиришкендей, учурда жетекчиликке нааразы болгон кызматкерлер Жээнбаеваны имаратка киргизбей жатышат.
«Финансы министрлигинин кызматкерлери Бактыгүл Жеенбаеванын кесипкөйлүгүнүн жоктугуна жана мамлекеттик кызматтагы тажрыйбасына нааразычылыгын билдиришет. Министр кызмат учурунда команданы «биздики» жана «жагымсыз» деп бөлүп, интригаларды уюштуруп, массалык жумуштан кетирүү саясатын жүргүзүп, натыйжада командада иштебеген маанай жаралган», — деп жазылат маалыматта.