Казакстан: 46 жаштагы аял 9-кабаттан боюн таштоого аракет жасады (ВИДЕО)

Казакстан: 46 жаштагы аял 9-кабаттан боюн таштоого аракет жасады (ВИДЕО)

Казакстандын Актау калаасында 46 жаштагы аял 9-кабаттан боюн таштоого аракет кылды. Бирок, анын аракетин ишке ашырбай куткаруучулар сактап калды. Бул туурасында Азаттыктын казак кызматы жазып чыкты.

Маалыматта айтылганына караганда, өзүн коё бергени аз калганда полиция кызматкерлери алаксатып жатып, 30 мүнөт аралыгында ийге келтиришкен. Полициянын капитаны Ибрагим Болат аялды көтөрүп кеткен.

Ал аял үй-бүлөлүк чыр-чатактан улам өзүн-өзү өлтүрүүгө аракет жасаганы аныкталган. Учурда жакшы абалда, өзүнө келгени айтылууда.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>