Карагандада роуджампингден секирип бара жатып 33 жаштагы аял цементке сүзүлдү. Бул окуянын видеосу социалдык тармактарга тарап кеткен. 25 метрлик роуджампинг мейманкананын имаратынын үстүндө жайгашкан. Видеодо көрүнүп тургандай, инструктор коопсуздук курларын тагып, ылдыйды көздөй зуулдаганда салаңдап турган зым менен бара жатып, цементке урунду.
Жергиликтүү маалымат каражаттарында айтылгандай, шашылыш түрдө бейтапканага жеткирилип, операция жасалган. Жүргүзүлүп жаткан медициналык чараларга карабай каза болгон.
Учурда трагедиянын чоо -жайы иликтенип жатат.