Казакстанда коронавируска байланыштуу бир айга өзгөчө кырдаал жарыяланды. Президент Касым-Жомарт Токаев кол койгон жарлыкка ылайык, анын мөөнөтү 16-марттан 15-апрелге чейинки убактты камтыйт.
Бул убакыт аралыгында киргизилген тыюу салуулар жана чектөөлөр:
- Өзгөчө манидеги корголуучу объектилерде кайтаруу күчөтүлсүн;
- Ири соода түйүндөрдүн иштөө убактысына чек коюлсун;
- Соода жана оюн-зоок борборлордун, кинотеатрлардын, театрлардын, музейлердин жана ададмдар көп чогула турган мекемелердин иши токтотулсун;
- Карантин жарыялоо, санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл күчөтүлсүн;
- Спорттук, маданий жана мамлекеттик иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынсын;
- Казакстандын жана чет өлкөлүк дипломаттардын персоналын кошпогондо өлкөгө унаалардын кирүүсүнө жана чыгуусуна чектөө киргизилсин.
Белгилей кетсек, Казактснда коронавирусту жуктургандардын саны 8 адамга жетти. Коңшу өлкөдө коронавирустун алгачы учуру 13-мартта катталган.