Казакстанда акыркы суткада коронавирусту жуктурган 7 учур катталды. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыгышты.
Бул өлкөдө коронавирус жуктургандарды жалпы саны 67ге жетти. Эң көн Нур-Султан шаарында 34 адам вирусту жуктуруп алган.
Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев 23-мартта өзгөчө абалга байланыштуу зыян тартып жаткан казакстандыктарга жөлөк пул төлөнүп берилерин билдирди.
Алдын ала маалыматтарга караганда, 16-мартта киргизилген өзгөчө абал жана Нур-Султан менен Алматынын толугу менен жабылышы 500 миңдей кишинин каржы абалына терс таасирин тийгизүүдө.