Казакстанда соңку суткада коронавирустан жана пневмониядан 31 бейтап каза болду. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышууда.
Маалыматка ылайык, алардын 27си COVID-19дан көз жумса, төртө пневмониянын коронавирустун белгиси бар түрүнөн каза болгон.
Ал эми соңку суткада 2080 адамдан илдет аныкталды. Оору башталгандан бери 258 917 адамдан табылып, алардын 228 089зу дарттан айыккан.
7-апрелге карата Нур-Султан, Алматы, Атырау, Актөбө, Акмола, Алматы, Батыш Казакстан жана Караганда облустары «кызыл» аймакка кирди. «Сары» аймакта болсо Шымкент шаары калды.