Казакстанда Кыргызстандын Маданият күндөрү өтүп жатат

Казакстанда Кыргызстандын Маданият күндөрү өтүп жатат

27-октябрда президент Садыр Жапаров, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстандын Казакстандагы Маданият күндөрүнүн расмий ачылышына катышты. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, К.Куанышбаев атындагы Мамлекеттик академиялык казак музыкалык драма театрындагы ачылыш аземинде Европа кеңешинин президенти Шарль Мишель да болду.

Программанын алкагында өлкө лидерлери театрдын фойесинде уюштурулган Кыргызстандын тарыхый-маданий мурастарынын жана кол өнөрчүлүгүнүн көргөзмөсүн көрүп чыгышты.

Андан соң гала-концерт болуп, анда кыргыз өнөрпоздору “Манас” операсынын увертюрасынын фрагментин, “Манас” эпосунан үзүндүлөрдү, Токтогул Сатылгановдун чыгармаларын жана башка элдик көркөм чыгармачылыктын шедеврлерин аткарышты.

Кыргызстандын Казакстандагы Маданият күндөрү 2022-жылдын 29-октябрына чейин уланат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>