Казакстанда өспүрүм бала зордукталды

Казакстанда өспүрүм бала зордукталды

Түркстан облусунун тургуну жашы жете элек баланы зордуктаган деп шектелип жатканын Отырар жазып чыкты.

«12-сентябрь күнү Сарыагаш райондук ички иштер бөлүмүнө жергиликтүү тургун кайрылып, коңшу айылдын тургуну жашы жете элек уулуна карата зордук-зомбулук көрсөткөнүн билдирген. Милиция кызматкерлери кылмышка шектүү жаш жигитти кармашкан», — деп айтылат маалыматта.

Окуя болгон жерде тергөө-ыкчам тобу Сарыагаш райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчилиги жана прокуратуранын өкүлдөрү иликтеп жатат.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Экспертиза дайындалды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>