Карагандада көп кабаттуу үйдүн терезесинен кулап кетип, үч жашар бала каза болду. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазды.
Маалыматка караганда, кырсык шаардын түштүк-чыгышында болгон. Бала чоңдордун кароосу жок калып, 5-кабаттагы батирдин терезесинен кулап кеткен.
Куткаруучулар белгилегендей, ымыркай оор жаракаттарды алган. Ички органдары жабыркап, ооруканада көз жумган.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда