Site icon Reporter.kg

Казакстанда үч жашар бала 5-кабаттан кулап каза тапты

Карагандада көп кабаттуу үйдүн терезесинен кулап кетип, үч жашар бала каза болду. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазды.

Маалыматка караганда, кырсык шаардын түштүк-чыгышында болгон. Бала чоңдордун кароосу жок калып, 5-кабаттагы батирдин терезесинен кулап кеткен.

Куткаруучулар белгилегендей, ымыркай оор жаракаттарды алган. Ички органдары жабыркап, ооруканада көз жумган.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Exit mobile version