Казакстандын 2023-2027-жылдарга карата мамлекеттик жаштар саясатынын концепциясына ылайык, жаштардын 90%дан ашыгы саясий партияларга мүчө эмес. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыкты.
“Өлкөнүн коомдук-саясий процесстерине жаштардын тартылышы, мамлекеттик башкаруу системасына катышуусу, жаштар уюмдарынын иштерине катышуусу, саясий партияларга мүчөлүгү, Казакстандын Парламентинин Мажилисинде жана маслихаттардагы өкүлчүлүгү менен аныкталат. 90,9% жаштар саясий партияларга мүчө эмес», — деп айтылат концепцияда.
Ошол эле учурда Казакстандын Парламентинин Мажилисинде 2022-жылы 35 жашка чейинки жети депутат бар экендиги, ал эми 2021-жылы шайланган маслихат депутаттарынын арасында жаштардын үлүшү 7%га жакын же 228 адам болгону белгиленген.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз