Казакстандагы биринчи АЭСтин баасы жарыяланды

Казакстандагы биринчи АЭСтин баасы жарыяланды

Казакстандын Атомдук энергия боюнча агенттигинин башчысы Алмасадам Саткалиев өлкөнүн биринчи атомдук электр станциясын (АЭС) куруунун болжолдуу баасы 14 миллиард долларга жакын болорун билдирди. Анын айтымында, бул сумма дүйнөлүк практикага жана окшош долбоорлордун курулуш наркына таянып эсептелген.

Белгилүү болгондой, 2025-жылдын аягына чейин Казакстан менен Орусиянын ортосунда аталган АЭСти куруу боюнча өкмөттөр аралык келишимге кол коюу пландалууда.

Аталган долбоор Казакстан үчүн энергетикалык коопсуздукту камсыздоо жана көмүртек чыгындыларын азайтуу максатында маанилүү кадам катары бааланууда.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>