Ысык-Көлдү тазалоо иштери жүрүүдө. Суучулдар көл түбүнөн миң метр эски торду чыгарыштыБишкек шаарында Черногориянын Ардактуу консулдугу ачылдыАраванда депутат уюштурган көмүскө кумар ойноочу жай аныкталдыИран АКШ жана Израиль менен болгон чыр-чатакта чабуул коюу тактикасына өткөнүн жарыяладыАФК 2031- жана 2035-жылкы Азия Кубокторун өткөрүүгө билдирмелерди кабыл алууну токтоттуБарскоон – Каракол унаа жолуна 8 жер алдындагы өтмөк курулат
«Казарман» аймактык аэропорту кайрадан каттамдарды кабыл алууга даяр
13.08.2025 | 13:59

«Казарман» аэропорту «Кыргызстан аэропорттору» ААКтын масштабдуу модернизациясынан кийин кайрадан ишке кирүүгө даяр. Бул тууралуу «Кыргызстан аэропорттору» ААКнын директору Манасбек Самидинов маалымдады.
Анын айтымында, инфраструктура жаңыртылып, учуп-конуу тилкеси (1840 м), буруучу жолчо, унаа токтотуучу жайлар жана аэробекет оңдолду.
Аэропорт Казарман айылынын түндүк-чыгыш тарабында, Жалал-Абад облусунун тоолуу аймагында жайгашып, салмагы 22 тоннага чейинки аба кемелерин кабыл алууга ылайыкталган жана күндүз иштейт. Аэропорттун тарыхы 1940-жылдары башталган, заманбап имарат жана учуу тилкеси 1985-жылы курулган.
Эскерте кетсек, 12-августта «Асман Эйрлайнс» мамлекеттик авиакомпаниясы аэропортко алгачкы техникалык рейсин жасады.
Рубрики: Жаңылыктар