Кеминде карыяны өлтүрүүгө шектүү кармалды

Кеминде карыяны өлтүрүүгө шектүү кармалды

Чүйдүн Кемин районунда айылдашын өлтүрүүгө шектүү кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалым болгондой, 17-мартта саат 08:55те милицияга Кызыл-Октябрь айылында жергиликтүү тургун тоңуп каза болгондугу тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине тергөө-ыкчам тобу барып, 1954-жылы туулган И.С. аттуу тургундун сөөгү табылган. Анын денесинде киши болгондугун көрсөткөн бычактын тактары болгон.

Аталган фактыга байланышуу Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында шектүү катары маркумдун 1989-жылы туулган С.Т. аттуу айылдашы кармалган.

Тергөөнүн алдын ала версиясы боюнча, кылмыш мас учурунда чыккан чырдан улам жасалган.

Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>