Site icon Reporter.kg

Кемпир-Абад иши: Камактагылардын жакындары митингге чыгышты

Бүгүн, 17-мартта Бишкек шаарындагы Горький сейил багында массалык баш аламандык уюштурууга даярдык көргөн деген айып менен камакта жаткан активисттер менен саясатчылардын жакындары кайрадан митингге чыгышты.  

Акцияга болжол менен 150-200 киши катышууда. Акциянын башында Аксы окуясында каза болгондорго багышталып куран окулду.

Митингдин катышуучулары Кемпир-Абад иши боюнча 20дан ашык адам мыйзамсыз камалганын айтып, аларды бошотууну талап кылышууда.

Активист Атай Бейшембектин апасы Роза Калиева бийлик өкүлдөрүнө кайрылып, адилеттүү чечим чыгарууну өтүндү.

Акцияга катышкан мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун Кемпир-Абад иши боюнча активисттердин камалышын саясий куугунтук деп атады.

Митингдин соңунда акциянын уюштуруучулары резолюция кабыл алып, анда айтылган талап аткарылбаса, тынч митингдерге чыгууга аргасыз болорун билдиришти.

Эскерте кетсек, 2022-жылы 22-октябрда Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитети түзүлгөн. Анын курамына активисттер, саясатчылар жана депутаттар кирген. 23-октябрда массалык тинтүү иштери башталып, 20дан ашык адам кармалып, алар 48 саатка камалган.

24-октябрда Бишкек шаарында Кемпир-Абад суу сактагычынын астындагы жердин Өзбекстанга берилишине жана активист, саясатчылардын камалышына каршы жөө жүрүш өткөн. 25-октябрда Биринчи май райондук соту тарабынан алар эки айга камакка алынган.

Активист жана саясатчылардын камалышы боюнча ИИМ түшүндүрмө берип, Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси «Массалык баш аламандыктарды уюштурууга даярдануу» менен козголгон кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп жатканын билдирген.

Учурда кармалган адамдардын ичинен төрт үй камагына чыгарылган, калган 24 адам №1 СИЗОдо кармалууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version