Site icon Reporter.kg

Кемпир-Абад иши: Милиция митингге чыккандарды кармап кетти — видео

Бүгүн, 10-январда Кемпир-Абад иши боюнча камалгандарды колдоп митингге чыккандардын көбүн милиция кармап кетти.

Акциянын катышуучуларына президенттик администрациянын алдынан плакаттарды кармап, жөө жүрүштөн өтүүгө уруксат берилген жок.

Милиция кызматкерлеринин айтымында, Биринчи май райондук соту райондун аймагында митинг өткөрүүгө тыюу салган.

Милиция кармап кеткендердин арасында активист Адилет Балтабай да бар. Анын айтымында, ал митингге байкоочу катары гана келген. 

Эскерте кетсек, 22-октябрда Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитети түзүлгөн. Анын курамына активисттер, саясатчылар жана депутаттар кирген. 23-октябрда массалык тинтүү иштери башталып, 20дан ашык адам кармалып, алар 48 саатка камалган.

24-октябрда Бишкек шаарында Кемпир-Абад суу сактагычынын астындагы жердин Өзбекстанга берилишине жана активист, саясатчылардын камалышына каршы жөө жүрүш өткөн. 25-октябрда Биринчи май райондук соту тарабынан алар эки айга камакка алынган.

13-декабрда да сот болуп аларды 20-февралга чейин абакта калтырды.

Активист жана саясатчылардын камалышы боюнча ИИМ түшүндүрмө берип, Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси «Массалык баш аламандыктарды уюштурууга даярдануу» менен козголгон кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп жатканын билдирген.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Exit mobile version