Site icon Reporter.kg

Кемпир-Абад иши: Нарматова менен Асанбеков үй камагында калды

Кемпир-Абад иши боюнча кармалган Орозайым Нарматова менен Нурлан Асанбековдун үй камактагы мөөнөтү узартылды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунан билдиришти.

Маалыматка караганда, алардын бөгөт чарасы бүгүн, 15-февралда каралып, сот аларды 20-апрелге чейин үй камагында калтырган.

Эскерте кетсек, Нурлан Асанбеков былтыр 22-октябрда саясатчы жана активисттер менен бирге Кемпир-Абад иши боюнча кармалган. Нурлан Асанбеков кармоолор болгон учурда Равшан Жээнбековдун үйүндө оңдоо иштерин жүргүзүп жаткан.

Кийинчерээк ал 10 күн ачкачылык кармап, ден соолугу начарлагандыктан 11-ноябрда үй камагына чыгарылган. Аны тааныгандар, Асанбековдун бул ишке эч кандай тиешеси жок экенин, саясатка аралашпаган адам экенин айтып келишет.

Ал эми, Орозайым Нарматова 30-январда ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылган. Ага чейин ал №1 тергөө абагында камакта отуруп келген.

Орозайым Нарматованын Москвада кармалганы тууралуу былтыр 27-октябрда кабарланган, 28-октябрда ал Кыргызстанга алынып келген. Андан кийин камакка алынган.

2022-жылы 22-октябрда Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитети түзүлгөн. Анын курамына активисттер, саясатчылар жана депутаттар кирген. 23-октябрда массалык тинтүү иштери башталып, 20дан ашык адам кармалып, алар 48 саатка камалган.

24-октябрда Бишкек шаарында Кемпир-Абад суу сактагычынын астындагы жердин Өзбекстанга берилишине жана активист, саясатчылардын камалышына каршы жөө жүрүш өткөн. 25-октябрда Биринчи май райондук соту тарабынан алар эки айга камакка алынган.

13-декабрда да сот болуп, аларды 20-февралга чейин абакта калтырды.

Активист жана саясатчылардын камалышы боюнча ИИМ түшүндүрмө берип, Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси «Массалык баш аламандыктарды уюштурууга даярдануу» менен козголгон кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп жатканын билдирген.

Буга чейин аталган иш боюнча камалгандардан Мамбетжунус Абылов, Перизат Суранова жана Равшан Жээнбеков ооруканага жаткырылган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version