Азия инфратүзүмдүк инвестициялар банкы Кыргызстандагы мамлекеттик долбоорлорду колдоого даярМарлен Маматалиев: Мамлекетти бөлүп-жарууга жол бербейбизБишкек менен Чүйдө спирт ичимдиктерин чыгарган жашыруун цехтер аныкталды2025-жылы кайсы банктар эң көп насыя берди? РейтингМарлен Маматалиев Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайландыБалык чарбасы үчүн тоюттарга 2028-жылга чейин кошумча нарк салыгы алынбайт
Кербен шаарын айланып өтүүчү жолдун курулушуна 596 млн сом бөлүнгөн
29.08.2025 | 17:33

Бүгүн, 29-августта, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Аксы районунун Кербен шаарын айланып өтүү үчүн салынып жаткан жолдун курулушун көрүп чыкты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 9 чакырымдык айланма жолдун жана андагы эки көпүрөнүн курулушуна жалпысынан 596 млн сомдой каражат каралган. Үчүнчү категориядагы эки тилкелүү жол кийинки жылы бүткөрүлөрү күтүлүүдө.
ЖК төрагасы алган жолдун Кербен шаары үчүн эле эмес, жалпы аймак үчүн мааниси чоң экенин белгилеп, жетекчилерге мамлекеттен бөлүнгөн каражатты сарамжалдуу пайдаланып, курулуштун сапатына тыкыр көзөмөл жүргүзүүнү тапшырган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом