Жалал-Абаддын Кербен шаарындагы А. Дүйшөбаев атындагы борбордук стадионун оңдоп-түзөөгө тендер жарыяланды. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталында айтылат.
Стадиондун реконструкциясына 195 млн 980,2 миң сом каралган.
Сынак боюнча арыздар 28-мартка чейин кабыл алынат.
Келишим түзүлгөндөн кийин курулуш иштери 120 күндүн ичинде бүткөрүлүшү керек.