2025–2026-окуу жылына карата кесиптик лицейлерге онлайн кабыл алуу 14-июлда башталат. Бул тууралуу Агартуу министрлиги маалымдады.
Маалыматка ылайык, абитуриенттер өз аймагындагы кесиптик лицейлерге https://2020.edu.gov.kg/npo платформасы аркылуу документтерин тапшыра алышат.
Окуунун мөөнөттөрү жана артыкчылыктары:
- 9-классты бүткөндөр үчүн: 2 жылдык окуу, жыйынтыгында аттестат жана окуган кесиби боюнча мамлекеттик үлгүдөгү диплом берилет.
- 11-классты бүткөндөр үчүн: 1 жылдык окуу, кесипке ээ болуу жана мамлекеттик үлгүдөгү диплом алуу мүмкүнчүлүгү.