Клара Сооронкулова президенттикке талапкер болуу үчүн БШКга арыз берди

Клара Сооронкулова президенттикке талапкер болуу үчүн БШКга арыз берди

Клара Сооронкулова президенттик кызматка талапкер болуу үчүн БШКга арыз берди. Бул тууралуу “Репортерго” саясатчы айым өзү билдирди.

Анын айтуусунда ал өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен талапкер болуу үчүн арыз берген. 

“Бүгүн, 11-ноябрда Борбордук шайлоо комиссиясына барып арыз жазып керектелген документтердин айрымдарын тапшырып келдим.  Калгандарын дагы чогултуп тапшырабыз.

Мен Кыргызстан президенттик башкарууга өтүүсүнө каршымын. Кыргызстан  таза парламенттик өлкө болушу керек. Бул менин талапкер катары негизги девиздеримдин бири болот”, — деди Сооронкулова.

Буга чейин президенттик шайлоодо талапкер болуп катышуу үчүн Адахан Мадумаров, Арстанбек Абдылдаев, Кубан Чороев, Назарбек Нышанов, Бектур Асанов, Бакыт Бакетаев, Канатбек Исаев, Абдыкаар Сыдыков, Сазыкбай Турдумалиев, Нурлан Мотуев, Рашид Тагаев жана Женишбек Байгуттиев  БШКга арыз берген.

Белгилей кетсек, мөөнөтүнөн мурда өтчү президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген. Талапкер болууну каалагандар 15-ноябрга чейин БШКга арыз берип, 7-декабрга чейин бир миллион сомдук күрөөнү жана керектүү документтерди тапшырышы керек.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>