Акча менен унаа опузалаган Кочкор-Атанын «смотрящийи» кармалды

Акча менен унаа опузалаган Кочкор-Атанын «смотрящийи» кармалды

Кочкор-Ата шаарында жаранды коркутуп, акча опузалагандар кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, былтыр декабрь айында милицияга Ноокен районунун 32 жаштагы А.И. аттуу тургуну кайрылып, 20-декабрь күнү Кочкор-Ата шаарынын «Бакай» аттуу тургуну чалып, 50 миң сом жана бир автоунаа талап кылганын билдирген. Ал «Кочкор-Ата шаарында «смотрящий» боломун, эгерде менин айткандарымды кылбасаӊ, Кочкор-Ата шаарында жашооң кыйын болот, үй-бүлөңө жана өзүнө карата зомбулук көрсөтүлөт, айтканыма көнсөӊ Кочкор-Ата шаарында устачылыгыӊды кылып иштей бересиӊ» деп коркуткан. Ал корконунан «Бакай» аттуу жарандын айткандарын аткарууга «макулмун» деп айтып койгон. Жабырлануучу аталган жаранга чара көрүүнү суранган.

Бул факты 2022-жылдын 14-декабрында каттоого алынып, Кылмыш кодексинин 208-беренеси (Опузалап талап кылуу) боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам иш-чаралардын натыйжасында, Бакай аттуу атуулдун өздүгү такталып, ал Ноокен районунун 34 жаштагы тургуну, мурда Россияда «каракчылык» фактысы менен сот жоопкерчилигине тартылган Ж.Б. экендиги аныкталган.

Ошондой эле, милициядан билдиришкендей, атайын тергөө аракетин жүргүзүү учурунда Кочкор-Ата шаарынын базарындагы ашканада жабырлануучу А.И.ден 20 миң сом акча алып, кетип жаткан жеринен Ж.Б. аттуу жарандын шериктеши, Кочкор-Ата шаарынын 34 жаштагы Т.А. аттуу тургуну кармалган. Ал жабырлануучудан алган 20 миң сом акчаны өз ыктыяры менен чөнтөгүнөн чыгарып берген.

Шектүүлөр Ноокен райондук соттун чечими менен бир айга камакка алынган.

Азыркы учурда аталган кылмыш ишти соттун кароосуна жиберүү үчүн тергөө аракеттери жүргүзүлүп жатат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>