Кочкордо тамчылатып сугаруу үчүн суу сактагыч бассейн курулууда

Кочкордо тамчылатып сугаруу үчүн суу сактагыч бассейн курулууда

Кочкор районунун Исакеев айылында тамчылатып сугаруу системасы үчүн бассейн куруу иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, бассейн 2,5 гектар жерди сугарууга багытталган. Бул жерде 2023-жылы 300 түп алма, 250 түп өрүк, 120 түп карагат, 50 түп алча, 50 түп кара өрүк жана 100 түп терек көчөтү отургузулган. Аянт тосмолонуп, туруктуу кароочу дайындалган. Өсүмдүктөрдү натыйжалуу сугаруу үчүн тамчылатып сугаруу түтүктөрү орнотулган. Эми болсо узундугу 20 метр, туурасы 6 метр, тереңдиги 3 метр болгон суу сактагыч бассейн курулууда.

Курулуш иштерине социалдык жактан аярлуу жарандар тартылган. Министрлик жалпысынан Ормонхан айыл өкмөтүнүн 588 кожолугу бул долбоордон пайда көрөрүн билдирди.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>